Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Орусиянын Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизация аяктаганын жар салды


Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында мобилизацияга тартылгандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия аннексиялаган Крым жарым аралында мобилизацияга тартылгандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизациялоонун алкагындагы бардык иш-чаралар аяктаганын жар салды. Өлкөнүн Башкы штабы аскердик комиссариаттарга чакыруу кагаздарын таратууну токтотуу тууралуу тапшырма жөнөттү.

“Аскердик комиссариаттардын Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүн толуктоо боюнча мындан аркы иштери ыктыярчыларды жана келишимдик негизде талапкерлерди тартуу менен аткарылат”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Министрлик мобилизация 31-октябрдан тартып токтотулганын билдирди. Формалдуу түрдө бул аракет президенттин атайын жарлыгы чыкканга чейин улантыла бериши ыктымал. Андай жарлык чыкканы жарыялана элек.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылды. 82 миң адам Украинадагы согушка жөнөтүлүп, 218 миң адам машыгуудан өткөрүлүп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG