Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Индияда асма көпүрө кыйрап, бери дегенде 120 адам мерт болду


Кырсык болгон маалда көпүрөгө жана анын жанына 500дөй адам чогулган жана алар Дивали майрамын белгилеп жатат.
Кырсык болгон маалда көпүрөгө жана анын жанына 500дөй адам чогулган жана алар Дивали майрамын белгилеп жатат.

Индиядын батышындагы Гужарат штатында асма көпүрө кыйрап, кеминде 120 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кабарлады. Ушул тушта куткаруу, издөө иштери уланып жатат жана мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Азырынча 130дай адам куткарылды.

Морби шаарындагы Мачху дарыясындагы бул көпүрө 19-кылымдын аягында салынган жана жарым жылга жакын убакыт оңдолуп, жакында эле ачылган эле.

Кырсык жекшембиде, 30-октябрда кечинде болгон. Жергиликтүү бийликтин кабарлашынча, көпүрөгө жана анын жанына 500дөй адам чогулган жана алар индуисттик Дивали фестивалын белгилеп жаткан.

Британ империясынын тушунда салынган, 230 метрлик асма көпүрө келген-кеткендер арасында белгилүү аттракцион болгон.

Премьер-министр Нарендра Моди кырсык болгон маалда Гужарат штатында иш сапар менен жүргөн. Ал штаттын башка министрине куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн топторду түзүүнү тапшырды жана мерт болгондордун жакындарына, жараат алгандарга кенемте төлөнүп берилерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG