Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Баткен: эл чогулткан акчанын 138 млн. сому кенемте катары таратылды


Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан.

Баткенде чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин ачылган атайын эсепке элден 330,75 миллион сом чогулду жана анын 138 милиондон ашыгы жабыркагандарга кенемте катары таратылып берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-октябрда Баткенде өткөргөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров кыйраган турак жайларды калыбына келтирүү, курулуш жай жүрүп жатканын сынга алды, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти.

"Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте кабыл алынат, дагы бир маселе – алардын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылышы. Кечээ мен курулуш иштери менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз", - деген Жапаров.

Расмий маалыматка ылайык, Баткенди калыбына келтирүүгө бөлүнөт деген 4-8 миллиард сомдун 4,1 миллиарды тиешелүү мекеме-органдардын эсебине түштү.

"Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасын ишке ашырууга 250 миллион сом бөлүнгөн. "Капиталдык салымдар" беренесинде каралган 3 миллиард сомдун 1,3 млрд. сому каржыланган",-деп жазылган маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү канча турак жай талкаланганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG