Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Орусия Украина боюнча "дан келишиминен" чыкканын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украинанын буудай жана башка дан азыктарын Кара деңиздеги украин портторунан башка өлкөлөргө экспорттоо боюнча келишимден чыкканын 29-октябрда жарыялады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишимден чыгуу себебин орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүрүп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Севастополь аймагында аскердик жана жарандык кемелери учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын айтып, муну Украина Улуу Британиянын адистери менен биргелешип ишке ашырган террордук акт деп атады.

Украина Орусиянын чечимин “опузалоо” деп баалап, теракт тууралуу ойдон чыгарылган билдирүү таратылып жатканын белгиледи.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийинки согуштук абалда украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, соя жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолду.

29-октябрда Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев орус тарап украин экспортунун ордун басып, алдыдагы төрт ай ичинде жакыр өлкөлөргө 500 миң тонна дан экспорттоого даяр экенин билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG