Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:46

Эл аралык спорттук медиа бирикмеcи "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүнө кабатыр


Бишкекте 14-октябрда сөз эркиндигин талап кылган акциядан алынган сүрөт.
Бишкекте 14-октябрда сөз эркиндигин талап кылган акциядан алынган сүрөт.

Эл аралык спорттук медиа өкүлдөрүнүн бирикмеси (AIPS) Кыргызстанда "Азаттык Медианын" сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Бирикменин сайтына жарыяланган билдирүүдө "Азаттык" өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу өлкөдө спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп келатканы айтылат.

"AIPS уюмуна "Азаттыктын" Эмил Чекиров жана Гүлжан Турдубаева аттуу эки кабарчысы мүчө. Алар Астанада 2019-жылы өткөн Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын чагылдырган. Бул чемпионатта Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнө чемпиону болгон. "Азаттык Медиа" ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарында 2019-жылы болгон Азия кубогун да чагылдырган. "Азаттык Медианын" интернет сайтын бөгөттөө кыргыз спортуна тескери таасирин тийгизет деп чочулоодобуз", - деп жазылган кайрылууда.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Спорт журналисттеринин эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм катары эсептелет. AIPS олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG