Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Жыл башынан бери Өзбекстанга 320 миң орусиялык келди


Самарканддагы туристтер.
Самарканддагы туристтер.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери өлкөгө 318 156 Орусиянын жараны киргенин кабарлады. Алардын көпчүлүгү июлдан сентябрь айына чейин барышкан.

Өзбекстанга кирген орусиялыктардын чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн. Мобилизация жарыялангандан кийин келгендер каттоого алына элек.

"Интерфакс" агенттиги Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитетине таянуу менен 2021-жылга салыштырмалуу Орусиядан барган туристтер 2,1 эсеге көбөйгөнүн жазган. Өзбек Ички иштер министрлиги өлкөгө кирген орусиялыктардын канчасы туруктуу жашап, канчасы сыртка чыгууга камданып жатканын жарыялаган жок.

Forbes басылмасы Украинада согуш башталгандан бери Орусиядан 700 миңден ашуун адам чыгып кеткенин жарыялады.

Өзбекстандын калкынын саны 2022-жылга карата 35,5 миллион деп эсептелген.

24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери жүз миңдеген орус жарандары жер которууда.

21-сентябрда Владимир Путин мобилизация жарыялагандан кийин өлкөдөн чыккандардын саны кескин көбөйгөн. Евробиримдикке мүчө өлкөлөр орусиялыктарга карата виза берүү тартибин өзгөрткөндөн кийин, жүз миңдеген орусиялыктан виза талап кылбаган Борбор Азия өлкөлөрүнө келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG