Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

30-октябрда тоолордо кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5.

​Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан жел согуп турат.

Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 7…9 градуска жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG