Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:21

Ирандын мунай тармагынын жумушчулары иш таштоого кошулат


Захедандагы акция, Иран. Октябрь, 2022-жыл.
Захедандагы акция, Иран. Октябрь, 2022-жыл.

Ирандын мунай секторунда туруктуу эмгектенген жумушчулар 29-октябрга пландалган иш таштоого кошулат. Бул акция ансыз да эл аралык санкциялардан жабыркап келаткан, бирок киреше алып келүүгө кудуреттүү мунай тармагына дагы бир сокку болушу ыктымал.

Иш таштоо өкмөткө каршы көтөрүлүшкө чыккандарга тилектештик иретинде өткөрүлүүдө. Бир айдан ашык убакыттан бери Иранда митинг, демонстрациялар тынчыбай жатат. Элдин нааразылыгына сентябрдын ортосунда Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузду деген шылтоо менен кармалып, көп өтпөй камакта көз жумган 22 жаштагы Махса Амининин өлүмү себеп болгон. Бийлик акцияларды ырайымсыз басууда.

Ослодо жайгашкан Эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 215 кишинин, арасында 27 жашы жете элек баланын өлүмү катталды. Көптөгөн киши кармалды.

Мунай жумушчуларынын кеңеши билдиргендей, иш ташоого катышкандар кармалган демонстранттардын, анын ичинде 250дөн ашык кесиптешинин, саясий туткундардын азат кылынышын талап кылат.

Иран бийлиги элдик толкундоолорду АКШ жана Батыштын башка өлкөлөрү козутуп жатат деп айыптоодо.

Дагы бир маалыматтарга ылайык, ишемби күнкү иш таштоого башка жумушчулар жана дүкөн кармагандар кошулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG