Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Медиакоомчулук "Азаттыктын" сайтын жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылды


Бир катар эркин маалымат каражаттары, журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин сынга алып кайрылуу таратышты.

Кайрылууда чечим "Калкты жалган маалыматтардан коргоо" мыйзамын да тикелей бузары, "Настоящее время. Азия" редакциясынын YouTube каналындагы "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы оор салгылаш" деп аталган программасын алып салуу талабы "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамына дал келбей турганы белгиленген.

“Азаттык Медиа" мекемесинин сайтын жабуу мыйзамсыз экени жазылган.

"Министрликтин мындай чечими дайыма сөз эркиндиги жана эркин маалымат каражаттары Кыргызстанда чоң мааниге ээ экенин белгилеп жүргөн президент Садыр Жапаровду 27-октябрда Астанага сапары алдында кабыл алынышы - мамлекет башчыны ыңгайсыз абалга калтырат. "Азаттыктын" сайтын жабуу быйыл апрелде кабыл алынган "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамынын түпкү максатын - бийликтин кемчиликтерин ашкерелеп, коомчулукка чыгарып турган маалымат каражаттарына каршы административдик басым орнотуу болгонун ачыктады. Мыйзам чыгаруучулар сөз эркиндигин жана ЖМКлардын ишин чектеген мыйзамдарды эмес, "Жалган маалыматтан коргоо" сыяктуу "ажыдаар сымал" мыйзамды жокко чыгаруучү мыйзам долбоорун демилгелөөсүн талап кылабыз!", - деп белгилешкен кайрылуу ээлери.

Медиакоомчулук кыргыз бийлигин сөз эркиндигин, маалымат каражаттарын кысууну, журналисттерди, блогерлерди, жарандык активисттерди жана башка жарандарды ой-пикирин ачык билдиргени үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG