Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Чек ара: дайынсыз кеткен жоокерге таандык деген сөөктүн ДНК-анализи чыкты


Дастан Анарбеков апасы Сауле Иманалиева менен.
Дастан Анарбеков апасы Сауле Иманалиева менен.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон аскер Дастан Анарбековго тиешелүү делген сөөктүн ДНК-анализи чыкты.

Анын апасы Сауле Иманалиева мындай жыйынтык менен макул эместигин билдирип жатат:

"Жолдошум Аскер прокуратурасына барып, иш кандай жүрүп жатканын сурайын десе, ДНК-анализи чыкканын айтыптыр. Бизди өздөрү атайын чакырышкан жок. Анан ачылган конвертти көрсөтүп "мына 90% силердин балаңарга дал келет" деп айтыптыр. Бизди чакырбай эле конвертти ачып коюптур. Ошондуктан ишенбей кайра көз карандысыз экспертизадан өткөрөлү деп жатабыз," - деди Сауле Иманалиева.

Буга чейин Чек ара кызматы белгисиз жоокердин сөөгүнүн бөлүктөрүн таап, ал Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн деген негизде ДНК-анализ алганы белгилүү болгон. Ата-энеси анализ туура эмес алынганын айтып чыгышкан.

Алар Дастан Анарбековду Тажикстандын аймагынан көргөндөр бар деген маалыматты жүйө келтирип, Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине кайрылуу жолдошкон.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Баткендин "Достук" айылындагы чек ара тозотунун командиринин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болууда.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун, 200дөйү жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, каза тапканы айтылган 84 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG