Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Орусиянын соту америкалык баскетболчунун апелляциялык арызын четке какты


Бриттни Грайнердин апелляциялык арызын кароо учуру. Орусия, 25-октябрь 2022-жыл
Бриттни Грайнердин апелляциялык арызын кароо учуру. Орусия, 25-октябрь 2022-жыл

Орусиянын соту америкалык баскетбол жылдызы, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Бриттни Грайнердин апелляциялык арызын четке какты. 32 жаштагы спортчу 17-февралда Москвадагы Шереметьево аэропортунда кармалып, кийин тогуз жылга кесилген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, анын багажында электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган. Грайнер Орусиянын баскетбол клубдарында 2014-жылдан бери ойноп жүргөн.

АКШнын Москвадагы дипломатиялык миссиясынын ушу туштагы жетекчиси Элизабет Рууд тогуз жылга колонияга кесүү өкүмүн “ашыкча катаң” деп атады.

Буга чейин сотто электрондук тамекинин картриждерин салып жатып “чаташып кеткенин” моюнга алган, бул үчүн кечирим сураган Грайнер шейшемби күнкү сөзүндө жабык жайда өткөргөн сегиз ай, эки соттук жараян оор болгонун айтты.

“Кара куурайдын майы уруксат берилгенден бир аз гана ашкан. Мындан олуттуу кылмыш жасаган адамдар менден аз жылга эркинен ажыратылды”, - деп айтты ал.

Айрым маалыматтарга караганда, Москва менен Вашингтон Грайнерди жана Орусияда соттолгон дагы бир америкалык, мурдагы деңиз аскери Пол Уиланды айырбаштоо ыктымалдыгын талкуулап келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG