Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Астанада президенттик шайлоону эрте өткөрүүгө каршы акция пландалган жерде эки киши кармалды


Кармалган активисттер. Астана, 25-октябрь 2022-жыл
Кармалган активисттер. Астана, 25-октябрь 2022-жыл

Астанада президенттик шайлоону эрте өткөрүүгө каршы акция өтөт деген жерде эки киши кармалды.

“Азаттыктын” казак редакциясынын маалыматына караганда, Жеңиш проспектисиндеги гүлбактын айланасы тосулган, жер-жерде полиция кызматкерлери жайгашкан. Тартип коргоочулардын бири “майрамга байланыштуу эл эс алган жерди күчөтүлгөн режимде кайтарып жатышканын” түшүндүрдү.

Журналисттер мэрияга митинг өткөрүү арызын берген активисттерге телефон чалышкан, бирок байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Асия Бакаева аттуу активист дүйшөмбүдөн бери үйүнүн жанында белгисиз адамдар кайтарып турганын, андыктан сыртка чыга албай жатканын айтып берди.

Астана шаардык полициясы жана Ички иштер министрлиги комментарий жасай элек.

Митингдер 25-октябрда баш калаада жана Алматыда өткөрүлмөк. Демилгечилер – катталбаган «Алга, Казакстан!» партиясынын активисттери мөөнөтсүз президенттик шайлоону жокко чыгаруу талабын коерун жарыялашкан.

Укук коргоочулар көчө акцияларын уюштуруу үчүн жергиликтүү бийликтин уруксаты керек деген мыйзамды сындап келет. 2020-жылы кабыл алынган жободо иш-чара өтөт деген "эскертүү" зарыл экени айтылат. Бирок иш жүзүндө, активисттердин айтымында, бийликтерде акцияга уруксат бербөө үчүн ыкмалар көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG