Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

АКШ, Франция, Британия Орусиянын “ыплас бомба” тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевде. Иллюстрация
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевде. Иллюстрация

АКШ, Франция жана Британия Орусиянын “ыплас бомба” (радиоактивдүү материал менен дүрмөттөлгөн бомба) тууралуу келтирген жүйөлөрүн төгүндөп, Москва муну Украинадагы согушту күчөтүү үчүн колдонушу мүмкүн экенин белгилешти. Бул тууралуу үч өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланган текстте айтылгандай, үч өлкө тең орус тараптын билдирүүсүн “жалган” деген маалымат тараткан.

“Бул айыптоолор эскалацияга шылтоо катары колдонулуп жатканын дүйнө көрүп-билип турат. Биз Орусия эскалация үчүн пайдалангысы келген бардык шылтоолорду мындан ары да төгүндөп турабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.

23-октябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана НАТОго мүчө үч өлкөнүн: Түркиянын, Британиянын жана Франциянын коргоо министрлери менен сүйлөшкөн. Шойгу анда Украина "ыплас бомбаны" колдонуу менен чагым кылышы ыктымал экенине" кабатырланып жатканын айткан.

Орус министри өз кооптонуусун тастыктоочу эч кандай далил келтирген эмес жана кошумча маалымат берген жок.

Украин бийлиги Шойгу айткан "ыплас бомбасы" жоктугун, андай куралды колдонуу ниети да жоктугун билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орус тараптын бул билдирүүсүн "кооптуу жана акылга сыйгыс" деп сыпаттады. Президент Владимир Зеленский Европада өзөктүк курал колдонуу жөнүндө Орусиянын президенти Владимир Путинден бөлөк эч ким ойлобой турганын билдирди.

23-сентябрда орусиялык РИА "Новости" агенттиги "Киев Украинада "ыплас бомба" менен чагым даярдап жатат" деген аталышта макала жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG