Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Тбилисиде орусиялык эмигранттар Украинадагы согушка каршы акция өткөрүштү


Орусиялык эмигранттар Тбилисидеги митингде. 23-октябрь, 2022-жыл.
Орусиялык эмигранттар Тбилисидеги митингде. 23-октябрь, 2022-жыл.

Грузиянын борбору Тбилисиде орусиялык эмигранттар Украинадагы согушка жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясатына каршы митингге чыгышты. SOTA Телеграм-каналы акцияга 500 чамалуу адам катышканын жазды. Митинг учурунда украин качкындарын колдоо үчүн 3 миң АКШ доллары чогулганы кабарланды.

Орусиялык эмигранттардын митингин эл аралык Free Russia Foundation уюму уюштурган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "жарым-жартылай мобилизация" жарлыгынан кийин мекенин таштап, чет жакка кеткен орусиялыктардын агымы күч алган. Айрым маалымат булактары жүз миңдеген орусиялык жаран кеткенин жазса, айрымдары бир нече миллион орусиялык өлкөдөн чыгып кеткенин маалымдоодо.

Орус жарандары көп барган өлкөлөрдүн бири - Грузия. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) сентябрда эле чек арадан 222 миң орусиялык өтүп келгенин билдирген. Булардын канчасы туристтик же транзиттик максатта барганы кабарланган эмес.

Мобилизациядан улам Кыргызстанга оогон орусиялыктар тууралуу да так маалымат жок. Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл сегиз айда 190 миңден ашык орус жараны Кыргызстанга келип каттоого турса, сентябрь айында эле 20 миң орусиялык каттоого турган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG