Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Орусияда ок-дары заводунда чыккан өрттөн үч адам көз жумду


Орусиянын Пермь шаарындагы ок-дары чыгаруучу завод.
Орусиянын Пермь шаарындагы ок-дары чыгаруучу завод.

Орусиянын Пермь шаарындагы ок-дары жасаган заводдо өрт чыгып, цехте иштеген үч киши каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Кырсык 22-октябрдан 23-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандардын саны белгисиз.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрткө байланыштуу маалымат тараткан эмес. Айрым басылмалар жазгандай, заводго жакын жашаган үйлөрдүн жашоочулары өрт чыгардын алдында жарылуулардын үнүн угушкан.

Пермь ок-дары заводу (Пермский пороховой завод) – Орусиянын коргонуу тармагындагы эң ири ишканалардын бири. Заводдо ракетанын кыймылдаткычтарына, жапырт аткылоочу "Град", "Смерч" системаларына, абадан коргонуучу системаларга жана башка ок атуучу куралдарга түрдүү дүрмөттөр жасалат.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш баштагандан бери Пермдеги бул заводдо катталган экинчи өрт. Биринчиси май айында болгон. Анда эки адам өлүп, бир киши оор абалда ооруканага жеткирилген эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG