Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Ирандын атомдук энергия агенттиги хакердик чабуулга кабылганын билдирди


Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигине тиешелүү заводдордун бири.
Ирандын атомдук энергия боюнча агенттигине тиешелүү заводдордун бири.

Ирандын атомдук энергия боюнча агенттиги анын туунду компанияларынын бирине тиешелүү электрондук почтасынын сервери чет өлкөлүктөрдүн кийлигишүүсү менне бузулганын маалымдады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат басылмалары агенттик таянуу менен кабарлады.

Компаниянын ички каттарында камтылган айрым маалыматтарды хакерлер интернетке жарыялап жибергени да айтылды. Анда агенттиктиктн ата мекендик жана чет элдик компаниялар менен атомдук энергетика боюнча түзгөн келишимдери сыяктуу маалыматтар камтылган.

Мунун алдында Black Reward ирандык хакерлердин тобу өлкөдөгү өзөктүк энергетика боюнча өндүрүштүк компаниянын ички системасын бузганын социалдык түйүндөрдө жарыялаган эле. Топ бул аракетин Ирандагы массалык нааразылык акцияларга колдоо деп мүнөздөгөн.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада ага каршы чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде Венада башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG