Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Үйү тинтүүгө алынган айрым активисттер милицияга жеткирилди


Эрлан Бекчоро.
Эрлан Бекчоро.

Жарандык активист Эрлан Бекчоро Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө отурганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, үйү тинтүүгө алынгандан кийин милицияга алып келишкен.

“Кемпир-Абад боюнча массалык башаламандык уюштуруу аракети болууда деп тинтүүгө алышты. Азыр тергөөгө кирип баратам”, - деди ал.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова үйү тинтүүгө алынгандар менен байланышып жатканын маалымдады. Анын маалыматында, 12 адамдын үйү тинтилип, Али Шабдан атуу активистти дагы милицияга алып кеткен. Абдирасулова аларга Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козголгонун билдирүүдө. Бирок Ички иштер министрлиги (ИИМ) расмий маалымат бере элек.

23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланган.

22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

20-октябрда президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген. Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG