Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Бишкекте коомдук ишмер Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өттү


Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы. 22-октябрь, 2022-жыл.
Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы. 22-октябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 22-октябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Аксы окуясынын 20 жылдыгына жана коомдук ишмер, укук коргоочу, маркум Шералы Назаркуловдун 70 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерүү иш-чарасында алгач фотокөргөзмө уюштурулуп, Аксы окуясы жана Шералы Назаркулов тууралуу тасма көрсөтүлдү. Шакиев Аксы окуясында үй-бүлөлүк башкарууга каршы, сөз эркиндиги үчүн чыккан элдин үнүн демократия чакырыгы катары кароо керек экенин белгиледи.

Шералы Назаркулов - 2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык кармап жатып кайтыш болгон. Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, “Эрдик” медалы ыйгарылган. Ысымы Бишкектеги №80 орто мектепке берилген.

Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн туура 40 күндөн кийин Аксыда бийликтин аткан огунан дагы алты адамдын өмүрү кыйылган. Ал тарыхта Аксы окуясы деген аталыш менен калган жана 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель окуяларынын башаты болгону айтылып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG