Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:47

Ракеталык соккулардан Украинанын бир нече аймагы жарыксыз калды


Киев.
Киев.

Ишембиде эртең менен Украинанын бир катар аймагы ракеталык соккуларга кабылды. Украина президенттинин кеңсе башчысы Андрей Ермак жарандык инфратүзүмдөр бутага алынганын билдирди. Орус күчтөрү бул жолу да кайрадан энергетикалык обьектилерге сокку урган. Украинанын батышындагы бир катар шаарларда жарык өчүп, суу жана байланыш үзгүлтүккө учурап жатат. Жараат алгандар жөнүндө азырынча маалымат жок.

Социалдык тармактарда жарыяланган видео-фотолордо Ровно шаарында кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Львов, Одесса, Киев облустарында абадан коргоо системалары иштеди. Черновицк облусунун бийлиги кыргын салуучу учак (истребитель) ракетаны атып түшүргөнүн кабарлады.

Орусия 10-октябрда Украинанын энергетикалык обьектилерине ракеталык соккуларды урган. Андан бери Украина күн сайын ракеталык соккуларга кабылып жатат. Энергетика министри Герман Галущенко өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын 30-40% чейин жабыркаганын маалымдады. Анын чыгымы бир нече миллиард доллар деп эсептелди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG