Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:23

Мамлекеттик ипотекалык компания үй курууну пландап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өзү турак үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул тууралуу парламенттеги “Альянс” фракциясынын 21-октябрда өткөргөн көчмө жыйынында белгилүү болду.

Жыйында ишкананын жетекчисинин орун басары Тилек Жээмбаев өз алдында башкаруу органдары менен 300 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Учурда бир гектар жерге компания өз каражаты менен турак жай курууну пландап жатат.

Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2015-жылдан ушул күнгө чейин 7606 үй-бүлө 11 млрд. 840 млн. сом турак жай үчүн ипотекалык насыя алган. Учурда 15 миң 675 арыз кабыл алынып, 6 миң 741 адам банктардын кароосуна кезекте турат. 236 арыз каралып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG