Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

АКШ менен Орусиянын коргоо министрлери Украинадагы кырдаалды талкуулашты


АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу телефондон сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды талкуулашты.

Пентагон 21-октябрда билдиргендей, Остин Орусия баштаган согуш шартында байланышты кармап туруу маанилүү экенин белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Телеграм-каналы аркылуу «эл аралык коопсуздук боюнча орчундуу темалар, анын ичинде Украинадагы кырдаал талкууланганын» билдирди.

Бул- Орусия Украинага кол салган 24-февралдан бери Шойгу менен Остиндин телефондон экинчи жолку сүйлөшүүсү. Буга чейин алар 13-майда сүйлөшкөн.

Орусия Украинага согуш ачканы Вашингтон менен Москванын алакасы буга чейин болуп көрбөгөндөй солгундады. Украинага кол салганына байланыштуу Америка Орусияга катаал санкцияларды киргизди.

Ал эми Москва Вашингтонду Украинага каржылык жана аскердик жардам берүү менен «согушту узартууга аракет кылып жатат» деп айыптап келет. Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен жеке жолугушуунун «зарылчылыгын көрбөй турганын» билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG