Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Машыгуучу учакта жабыркагандардын биринин абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Авиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор.

Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди.

Абалы оор бейтап - коллеждин 22 жаштагы курсанты, анын шыйрак сөөктөрү сынганы айтылган. Ал эми жанындагы инструктор башынан жараат алган. Ал да ошол эле оорукананын хирургия бөлүмүндө жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана окуу жай бул боюнча маалымат бере элек.

Кырсык 20-октябрда Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда болгон.

Машыгуу үчүн колдонулуп жүргөн эки орундуу Bristol учагы учуп баратып кулап түшүп, күйө баштаганын күбөлөр айтышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG