Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Чүйдө машыгуучу учак кыйрап, эки адам ооруканага түштү


Токмок шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Токмок шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө бүгүн, 20-октябрда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулап, эки адам жараат алганы кабарланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бирөө Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат, ал башынан жараат алып, мээси чайкалган, абалы орточо оор. Экинчи бейтап Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылды, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана окуу жай бул боюнча маалымат бере элек.

АКИpress маалымат агенттиги жазгандай, кырсык бүгүн Токмоктун жака белиндеги Кызыл-Аскер айылындагы айыл чарба авиациясынын аэродромунда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда болгон.

Машыгуу үчүн колдонулуп жүргөн эки орундуу Bristol учагы учуп баратып кулап түшүп, күйө баштаган. 22 жаштагы курсанттын абалы оор экени кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG