Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Депутаттар бийликти Баткенге көбүрөөк көңүл бурууга чакырды


Баткен. Достук айылы.
Баткен. Достук айылы.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Ал тийиштүү министрлерди ошол аймакка барып эл менен чогуу иштөөнү сунуштады.

"Жергиликтүү тургундар ар кандай маалыматтарды айтып кайрылып жатышат. Протоколдук келишимдерге кол койгондон кийин дагы жолугушууларды өткөрүш керек да. Ушундай маалыматтар чыгып жатат деп. "Аң (окоп) казып, курал-жарак алып келип жатат" деп айткандан кийин өткөндөгү окуя болду. Ушул боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эки тараптан кайгуул кызматы турганына карабай ушундай болуп жатат. Азыр балдар, аялдар кетип, эркектер эле калдык деп жатышат. Ошондуктан көбүрөөк ошол жакка көңүл буруп керек, министрликтер эл аралап жүрүш керек", - деди депутат.

Ушул маселени депутат Балбак Түлөбаев дагы көтөрүп, эки өлкө ортосундагы мамиленин бузулушу Борбор Азия өлкөлөрүнө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

19-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарган.

Билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылган.

Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилеген.

Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталган.

Чек ара кызматы "жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылышат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт”, - деп билдирген.

Андан мурдараак Тажикстандын бийлиги Кыргызстанды "чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат" деп айыптаган. Кошуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин Согд облустук башкармалыгынын ушундай өңүттөгү билдирүүсүн 19-октябрда улуттук “Ховар” агенттиги тараткан.

Анда 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколдо бекитилген келишим талаптары сакталбай жатканы айтылып, кыргыз тарапка Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп, аскердик техниканы тартып, кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерди көрүп жатат деген кине коюлду.

Билдирүүгө 10-18-октябрь аралыгында чек ара аймактарында “Кыргызстандын чагымы” катары сыпатталган бир канча окуя сүрөттөр менен тиркелген.

Тажикстан кырдаалды турукташтыруу, көйгөйлөрдү дипломатиялык жол менен чечүү жаатындагы макулдашууларды аткарууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстанды бейпил жашоону камсыздоого чакырган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG