Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Канада дүйнөдөгү аял тышкы иштер министрлеринин жыйынын өткөрөт


Мелани Жоли.
Мелани Жоли.

Канада 20-октябрда дүйнөнүн аял тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынын өткөрөт. Анда хижаб маселесинен улам камакта көз жумган кыздын өлүмүнөн кийинки Ирандагы башаламандык талкууланат.

Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли жыйын тууралуу 19-октябрда жарыялап, Ирандагы аялдардын жана адам укуктарынын "оор абалын" талкуулоого мүмкүнчүлүк берилерин айтты.

"Иран режими элге каршы зомбулуктун жана куугунтуктун бардык түрлөрүн, өзгөчө аялдарга карата ырайымсыз агрессиясын токтотушу керек", - деди Жоли.

Ал Канада адам укуктары үчүн күрөшүп, аялдарды коргоп чыккан ирандыктарды колдой турганын белгиледи.

Иранда 16-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган. Бийлик нааразылыктарды күч менен басууга аракет кылып келүүдө.

Iran Human Rights уюму билдиргендей, жалпы улуттук нааразылыктар учурунда өлгөндөрдүн саны 215 адамга жетти, арасында 27 бала бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG