Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Иран Орусияга учкучсуз дрондорду берүүгө макул болду


Украиналык полициячы камикадзе дронду атып түшүрүү аракетинде. Киев. 17-октябрь, 2022-жыл.
Украиналык полициячы камикадзе дронду атып түшүрүү аракетинде. Киев. 17-октябрь, 2022-жыл.

Иран Орусияга учкучсуз учактар менен кошо "жер-жер" тибиндеги ракеталарды да берүүгө макул болгонун Reuters Тегерандагы жогорку деңгээлдеги аткаминерлерге жана дипломаттарга таянып жазды.

Ага ылайык, Иран менен Орусиянын курал-жарак сатып алуу келишими 6-октябрда, Иран бийлигинин өкүлдөрү Москвага келген учурда түзүлгөн.

Украинанын чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов Москва биринчи жолу 1750 дрон алганын, алардын 70% ашуунун украин куралдуу күчтөрү атып түшүргөнүн айтууда.

Бул аралыкта НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага дрондорго каршы жүздөгөн станциялар берилерин билдирди. Мындан тышкары Киев Израилден абадан коргонуучу система сураганын Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба маалымдады.

Украин тышкы иштер министри президент Зеленскийге Иран менен дипломаттык мамилени үзүүнү сунуштады.

Орусия акыркы жумаларда Украинанын инфраструктурасына, анын ичинде энергетикалык станцияларына соккусун улантууда. Анда Ирандын "Шахид" (камикадзе) деген аталыштагы дрондору колдонулуп жатканы кабарланган. Иран Орусияга курал бергенин танган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG