Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Фейктер жөнүндөгү мыйзам алкагында сегиз кайрылуу каралды


Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

Фейк маалымат жөнүндөгү мыйзам алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сегиз кайрылууну карап чыкканын бүгүн 18-октябрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, эки сайттын ишин хостинг–провайдер аркылуу эки айга чейин жабуу тууралуу чечим кабыл алынып, кийин ал чечимдердин бири жокко чыгарылган. Министрлик менен социалдык түйүндөрдүн (Facebook, Telegram, Tik Tok, Youtube, Twitter, Instagram) ортосунда кызматташтык тууралуу келишим жок болгонуна байланыштуу дагы эки арыз артка чакыртылып алынган. Дагы бир арызды карабоо чечими кабыл алынган, себеби жалган деген маалымат сайттан алынган. Калган арыздар маалыматы жетишсиз болбогондуктан толуктоо үчүн кайтарылып берилген.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Бул мыйзамга ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышканы өткөн аптада белгилүү болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG