Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Зеленский: Орусия Украинадагы электр станцияларынын 30% талкалады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

10-октябрдан бери Орусиянын ракеталык соккуларынан Украинадагы электр станцияларынын 30% талкаланып, өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Зеленский Твиттердеги баракчасына "Путиндин режими менен сүйлөшүүгө орун калган жок" деп жазды.

Бир жумадан бери орус аскерлери Украинанын энергетикалык объектилерине чабуул коюуда. Эң ири чабуул 10-октябрда болгон. Анда орус армиясы Украинанын ири шаарларына жана дээрлик бардык облустарынын борборлоруна кеминде жүздөн ашык ракеталык жана учкучсуз учактардан сокку урган.

Соккулар 8-октябрда Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийин күчөгөн. Орусиянын президенти Владимир Путин бул жардырууну террордук акт деп атап, буга Украинаны айыптаган.

14-октябрда Путин "Украинанын аймагында азыр ракеталык сокку уруунун кажети жок" деп айтканы менен, жапырт ракеталык соккулар жана камикадзе-дрондордон чабуул уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG