Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Орусия Украинанын шаарларына сокку урууну улантууда


Шейшемби күнү эртең менен Орусия Украинанын шаарларына кайрадан ракеталык чабуулдарды баштады. Киев, Одесса, Кировоград, Черкассы, Полтава, Днепропетровск, Николаев жана Чернигов облустарында аба коркунучу жарыяланды.

Киевдин мэри Виталий Кличко эртең менен шаарда кайрадан жардыруу болгонун билдирди. Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко Киевдеги электр энергиясы менен камсыздоо объектилерине үч жолу сокку болгонун ырастады.

Днепрде жана Житомирде энергетикалык объектилерге сокку урулган. Житомирдеги жарылуудан кийин электр жарыгы жарым-жартылай өчүрүлгөнү, шаардан түтүн көтөрүлүп жатканы маалымдалууда.

Кривой Рогдун мэри Александр Вилкул шаарда жардыруу болгонун билдирди. Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов өзүнүн Телеграм каналына калаада ок атылып жатканын, беш мүнөттө эки ирет жардыруу болгонун, өнөр жай ишканаларынын биринин аймагы чабуулга кабылганын жазды.

Түндө орус аскерлери Николаевди С-300 ракеталары менен аткылашканы, бир киши каза болгону кабарланды.

Бир жумадан бери орус аскерлери Украинанын энергетикалык объектилерине чабуул коюуда. Эң ири кол салуу өткөн дүйшөмбүдө, 10-октябрда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG