Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:00

Коронавирустун жаңы "ВА.4.6 Аэтерна" штаммы басымдуулук кылууда


COVID-19 вирусу. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, быйылкы күз мезгилинде жалпы дүйнөдө COVID-19дун "ВА.4.6 Аэтерна" штаммы басымдуулук кылганы байкалууда.

Бул - АКШдагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматтарын талдап чыккан америкалык эксперттердин бүтүмү.

Ага ылайык сентябрдын алгачкы жумасында коронавируска чалдыккандардын 2,3% "Аэтерна" штаммына кабылса, октябрдын ортосуна карай бул көрсөткүч 15% жеткен.

Эксперттер күз-кыш мезгилдеринде коронавирустун бир нече штаммдары козголушу ыктымалдыгын айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө COVID-19ду, анын эң акыркы штаммдарын жугузуудан эмдөө гана коргой аларын эскертүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, 10-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда 84 адам коронавирус жуктурган.

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда 21 586 адам коронавируска чалдыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери 21 412 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. Үч миңдей бейтап оорудан көз жумган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG