Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Орусиянын Ейск шаарында аскердик учак көп кабаттуу үйдүн жанына кулады


Су-34 аскердик учагы кулаган жердеги өрттөнүп жаткан үй. Ейск шаары, Краснодар. 17-октябрь, 2022-жыл. a
Су-34 аскердик учагы кулаган жердеги өрттөнүп жаткан үй. Ейск шаары, Краснодар. 17-октябрь, 2022-жыл. a

Дүйшөмбүнүн кечинде Краснодар крайынын Ейск шаарындагы эл жашаган көп кабаттуу үйдүн жанына аскердик учак кулады.

Чоң өрт чыгып, төрт адам мерт болду, 25 адам жараат алышты. Дагы алты адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Аймакта чукул кырдаал киргизилди.

"Сота" Телеграм-каналы учак кыйроосунан улам, үйдөгү алты адам өлүп, 27 киши жараат алганын, жабыркагандардын арасында балдар да бар экенин жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик учагы кыйраганын ырастады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Су-34 учагы машыгуу учурунда кулаган. Учкучтар парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн. Учкучтар учактын бир кыймылдаткычы күйүп кеткендиктен кыйроо болгонун айтышты.

Ейск шаарындагы бирдиктүү диспетчердик кызмат да учак кыйраган жердеги Коммунист көчөсүнүн 20/1 дарегиндеги көп кабаттуу үй өрттөнгөнүн тастыктады.

Күбөлөрдүн айтуусунда өрт үйдүн тогуз кабатын каптаган. Баштапкы маалыматтар боюнча 72 батир жабыркаган. Үйдүн тургундары коопсуз жакка эвакуацияланган.

Социалдык тармактарда учак кыйрагандан кийин жарылуунун үнү чыкканы, ушундан улам "Тез жардам" автоунаалары кырсык болгон жерге жакын бара албай жатканы тууралуу жазылды.

Орусиянын президенти Владимир Путин учак кыйроосунан жабыркагандардын баарына керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырып, Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьевге, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко жана ӨКМдин башчысы Александр Куренковго кырсык болгон жерге барууну буйруду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG