Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Норвегияда аскердик жайларды сүрөткө тарткан орусиялыктар камалды


Норвегиядагы мунай платформасы. 1-октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Норвегиядагы мунай платформасы. 1-октябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиялык төрт киши Норвегиядагы аскердик объектилерди сүрөткө тарткандыгы үчүн камалды. Орусиялыктар айыптарды четке кагып, турист болуп саякаттап жүргөнүн, сүрөттөгү жайлар аскердик экенин билбегенин айтышууда. Сот аларды жети күнгө камакка алууну чечти.

Норвегиянын полициясы орус жарандарынын аттарын атаган жок, алар кайсы жайларды сүрөткө түшүргөнүн түшүндүргөн жок.

Бул андай биринчи окуя эмес. 11-октябрда Норвегиянын Стурскуг деген чек ара пунктунда кармалган орус жаранынан фотоаппарат жабдуулары менен жана эки дрон табылган. Виталий Рустанович жер кыдырганы келгенин, дрондорду учурууга тыюу салынганын билбегенин айтып актанган. Ал эки жумага камалып, полиция иштин чоо-жайын териштирүүдө.

14-октябрда Тромсё аэропортунда Орусиянын дагы бир жараны дрон менен кармалып эки жумага камакка алынды. Ал тарткан сүрөткө аскердик тик учак түшүп калган.

Москва Украинага кол салгандан кийин Норвегия орусиялыктарга өз аймагында дрондорду колдонууга тыюу салган. Бирок акыркы кездерде андай техника Норвегия жана Даниянын газ иштетүүчү ишканалары, мунай платформаларынын жанында байкалган. Санкцияларды бузуу үчүн Норвегиянын мыйзамдарында үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG