Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Грузия орус жарандары үчүн "либералдуу виза режимин" өзгөртүшү ыктымал


Саломе Зурабишвили жана Майя Санду. Кишинев, 17-октябрь,2022-жыл
Саломе Зурабишвили жана Майя Санду. Кишинев, 17-октябрь,2022-жыл

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили орус жарандары үчүн виза режими өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты. Кишиневдо Молдова президенти Майя Санду менен биргелешкен басма сөз жыйында грузин мамлекет башчысы Орусиядан миңдеген кишинин агылып келиши "чоң маселеге" айланганын белгиледи.

“Мен муну коркунуч эмес, көйгөй деп атайт элем. Виза режимин кайра карап чыгуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайм. Азыркысы өтө либералдуу жана Орусиянын Украинадагы агрессиясын эске алганда жумшак. Маселени грузин бийлиги жана жалпы коому чечүүгө тийиш”, - деп билдирди Зурабишвили.

Президент орус жарандары үчүн виза киргизилеби же жокпу айткан жок. Азыр орусиялыктар Түштүк Кавказдагы ал өлкөгө визасыз кирип, 365 күн тура алышат. Грузиядан чыгып, кайтып келгенден кийин дагы ошончо убакыт калууга укуктуу.

Орусияда мобилизация жарыяланганы Грузияга жүз миңдеген киши агылган.

Тбилисинин өкүлдөрү буга чейин Орусия менен виза киргизүү планы жок деп айтып келишкен.

Кездешүүдөн кийин Санду “Молдова менен Грузия кызматташууга дилгир жана Евробиримдик менен интеграция багытында чогуу иштешүүгө даяр” деп Твиттерге жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG