Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Укук коргоочу Камил Рузиев Жогорку сотко кайрылды


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Укук коргоочу Камил Рузиевдин адвокаты Ысык-Көл облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Рузиев "Азаттыкка" билдирди.

Каракол шаардык соту 12-августта Камил Рузиевди "ишинде кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.

Шаар сотунун чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган. Облустук сот "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен айыптап, 80 миң сом айып салган.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу 2020-жылы 30-майда "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.

Ысык-Көлдүк укук коргоочу Камил Рузиевге карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG