Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Орусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдү


Аскер комиссариатында ок чыгарган адам, Иркутск облусу. Сентябрь, 2022-жыл.
Аскер комиссариатында ок чыгарган адам, Иркутск облусу. Сентябрь, 2022-жыл.

Апта аягында Москва облусуна караштуу Щелково шаарынын аскер комиссариаты өрттөлдү. "База" агенттиги маалымдагандай, белгисиз кишилер күйүүчү май куюлган эки бөтөлкөнү имараттын терезесинен ичкери карай ыргытышкан. Натыйжада эки иш бөлмөсү жабыр тарткан, бири - архив сакталган жай.

Өлкөдө жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери комиссариаттарга кол салуулар күчөдү. 16-октябрга карата 50 жерде өрттөө аракети катталган.

Сентябрдын аягында Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Илимск шаарындагы аскердик комиссариаттардын биринде аскерге чакырылган адам ок чыгарып, андан аскерге чакыруу комиссиясынын башчысы Александр Елисеев жаракат алган.

Орусияда мобилизацияга каршы бир катар шаарларда ири акциялар өттү. 25-сентябрдын кечинде митингдерге чыккан эки жарым миңдей киши кармалганы маалым болду. Он миңдеген адамдар, негизинен эркектер өлкөдөн чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG