Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Беларуска тогуз миңдей орус аскери жайгаштырылат


Мобилизация тартылган орусиялыктар.
Мобилизация тартылган орусиялыктар.

Беларустун Коргоо министрлиги билдиргендей, өлкөгө «биргелешкен аймактык топтун» курамына кирген тогуз миңдей орусиялык аскер жайгаштырылат.

«Беларуска «аймактык топко» кирген орусиялык аскерлер келе баштады»-деп жазды Коргоо министрлигинин өкүлү Валерий Ревенко «Твиттерге».

Беларустун башында турган Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен “биргелешкен аймактык аскерлер тобун чек арада жыйноону” макулдашканын 10-октябрда жарыялаган.

Анын айтымында, аскердик колду жыйноо боюнча келишим КМШнын Санкт-Петербургда өткөн формалдуу эмес саммитинде кабыл алынган.

Лукашенко бул топтун негизин беларус армиясы түзөрүн билдирген.

24-февралда Орусия Украинага согуш ачканда, аскерлер Беларус тараптан да киришкени маалым болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG