Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:31

Кытай лидери Бээжин аскердик кубатын бекемдерин билдирди


Кытай лидери Си Цзиньпин Коммунистик партиянын курултайын ачып жатып, жакын арада дүйнөлүк деңгээлдеги армия негиздөөгө чакырды.

"Биз аскердик кызматкерлерибизди, курал-жабдыгыбызды, аскердик теорияны модернизациялаш үчүн ыкчамырак иштейбиз. Стратегиялык аскердик потенциалыбызды бекемдейбиз",-деди компартиянын төрагасы беш жылда бир өтчү жыйында.

Ал ошондой эле чет өлкөлүк эксперттерди чакыруу жана билим берүү тармагын өнүктүрүү менен технологиялык кубатын бекемдөөнү да убада кылды.

Бул курултайда Си Цзиньпин үчүнчү ирет шайланары күтүлүп жатат. Өлкө аймагынан чогулган 2300 делегаттын жыйыны Тяньаньмэнь аянтынын батышында күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өтүүдө.

69 жаштагы Си Цзиньпин бийликте он жылдан бери отурат. Мурдараак Конституциядан эки гана мөөнөткө шайлануу чегин алып салышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG