Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

ӨКМ: Арал капчыгайында жоголгон орусиялыктар табылды


Арал капчыгайы.
Арал капчыгайы.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан Орусиянын эки жараны аман-эсен табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, үч куткаруучу алар менен байланышып, тоодон алып түшүштү.


Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-октябрда эс алууга барган орусиялыктардын дайыны чыкпай жатканын маалымдаган.

Ишемби күнү капчыгайга куткаруучулар барып, эс алуучуларды табышкан эмес. Издөө иштери бүгүн, 16-октябрда дагы уланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG