Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:23

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту


Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушуусу. 10-15-октябрь, 2022. Дүйшөмбү.
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушуусу. 10-15-октябрь, 2022. Дүйшөмбү.

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 10-15-октябрь аралыгындагы жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын тактала элек тилкелери боюнча пикир алмашты.

Маалыматта айтылгандай, тараптар кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү макулдашты.

Эки өлкө ортосундагы былтыр жаздагы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси макулдашылганын “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG