Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Түркия: шахтадагы жарылуудан 40 киши каза болду


Жарылуу болгон шахта. 15-октябрь. 2022-жыл.
Жарылуу болгон шахта. 15-октябрь. 2022-жыл.

14-октябрдын кечинде Түркиянын Бартын шаарындагы көмүр шахтада жарылуу болуп, анда каза болгондордун саны 40 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу маалымдады.

"Түнү бою куткаруу иштери жүрдү. Эртең менен дагы 14 кенчинин сөөгү чыгарылды. Ошентип көз жумган шейиттердин саны 40ка жетти", - деп Твиттерде билдирүү таратты.

Ал шахтада жалпысынан 110 кенчи болгонун, жарылуудан кийин 58и куткарылганын кошумчалады. Учурда Бартын жана Стамбул шаарларындагы ооруканаларда ондогон кенчи жаткырылганы белгилүү болду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез жарылуу шахтадагы өрттөн улам болгонун билдирди.

Бартын шаары Түркиянын баш калаасы Анкарадан 328 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Түркияда буга чейин көмүр кенинде чыккан эң чоң кырсык 2014-жылы катталган. Анда Сома аймагындагы шахтада жарылуу болуп, 301 кенчи каза тапкан. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG