Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Орусия ЭВФтин Украинадагы согушту токтотууга чакырган коммюникесине бөгөт койду


Орусия Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Украинадагы согушту токтотууга чакырган биргелешкен коммюникесине кайрадан бөгөт койду. Бул тууралуу Испаниянын экономика министри Надия Кальвиньо ЭВФтин 14-октябрдагы чогулушунан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

"Апта бою Орусияны Украинадагы согушту токтотууга чакырып келдик. Азыр энергетикалык жана азык-түзүк коопсуздугуна коркунуч келтирген, глобалдуу өсүштү жайлаткан негизги фактор болууда. Согуш инфляцияга таасирин тийгизип, бүткүл дүйнөдө туруксуздук, белгисиздикти жаратууда", - деди Кальвиньо.

ЭВФтин башчысы Кристалина Георгиева "дүйнөдөгү экономиканы жакшыртуунун бир гана жолу - согушту токтотуу" экенин билдирди.

Орусиянын өкүлдөрү мындай чакырууларга макул болгон жок. Бул ЭВФти коммюникенин ордуна билдирүү жасоого аргасыз кылды.

Украинага басып кирүүсүн айыптоо менен макул болбогондуктан, Орусия ЭВФтин 2022-жылдын апрель айында өткөн сессиясынан кийин коммюнике чыгарууга бөгөт койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG