Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Путин: кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Москвадагы карталарды көтөрөбүз


Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен Астанада өткөн үч тараптуу жолугушуу конструктивдүү болгонун билдирди.

Бул тууралуу орус лидери 14-октябрда Казакстандын баш калаасында өткөн маалымат жыйында айтты. Ал жолугушууда аскердик аракеттердин жанданбашы үчүн бардык чараларды көрүү тууралуу макулдашылганын кошумчалады.

Ошондой эле эки тарап качкындардын үй-жайына кайтып баруусуна бардык аракеттерди көрүшөрүн билдирди.

- Эки тарап тең маселени чечүүнүн жолдорун ар бири өз алдынча сунуштамай болду. Биз бул сунуштарды жөн гана баалап койбостон, алдыдагы сүйлөшүүлөргө негиз боло турган биздеги документтерди да колдонгонго аракет кылабыз. Анткени Москвада бул союздук республикалардын өзүндө жок маалыматтар бар. Ошол документтерди, карталарды көтөрөбүз анан кызматташтар менен биргеликте чечим кабыл алабыз - деди Путин.

Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу 13-октябрда Астана шаарында жабык өткөн. Кыргыз президентинин сайтында жазылган учкай маалыматка караганда, Садыр Жапаров чек арадагы кырдаалга кеңири токтолуп, "тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин белгилеген". Ошондой эле Жапаров кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу гана чечүү боюнча бекем позицияда экенин билдирген.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга эки мамлекет тең бири-бирин агрессияга айыптап келет.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG