Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Путин мобилизация эки жумада жыйынтыкталарын билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин. 14-октябрь, 2022-жыл. Астана.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 14-октябрь, 2022-жыл. Астана.

Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы эки жуманын аралыгында мобилизация жыйынтыкталарын билдирди. Бул тууралуу ал Казакстандын баш калаасы Астанада өткөн маалымат жыйында айтты. Анын сөзүнө караганда, 21-сентябрдан бери аскерге 220 миң киши тартылган. Орус бийлиги жалпысынан 300 миң киши мобилизация болорун билдирген.

Путин ошондой эле мобилизацияга тартылгандардын 16 миңи фронтто экенин кошумчалады. Буга чейин күзүндө мобилизация болгондордун арасында мерт кеткендер катталганы расмий жарыялана баштады. 12-сентябрда Челябинск облусунун жетекчили беш орусиялык фронтто каза болгонун ырастады.

Андан тышкары Орусиядагы кыргызстандыктар да чакырылып жатканы тууралуу кабарлар бар.

Жакында эле “Азаттыктын” редакциясына Москвада аскердик мобилизацияга туш болгон, көп жыл мурда Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандык түгөй кайрылган.

Орус армиясында эч качан кызмат өтөбөгөн, бөйрөгү оорулуу 36 жаштагы жигитти полиция таң сүрө үйүнөн салып кетип, адегенде полиция бөлүмүнө жеткирип, ал жактан түз эле мобилизациялык борборго алып жөнөшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG