Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Дайырбек Орунбеков "Азаттыкка" каршы акция боюнча пикирин билдирди


Дайырбек Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Азаттык Медианын" кеңсесинин алдында экстремисттик билдирүүлөр жасалган акцияга байланыштуу пикирин билдирди.

"Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Ошол митингге чыккандар да, тилекке каршы, өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчү. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм – сөз эркиндиги бул оюңа келгенди айтып, башкалардын укугун тебелөө эмес. Бул коом алдындагы чоң жоопкерчилик" деп жооп берди.

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыккан. Өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран күч колдонууга чейин барарын айтып, журналисттерди опузалап, бензин чачып өрттөп кетерин айтып тикелей коркутуу жасаган.

Эркин медиа менен журналисттерди коркуткан пикет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда.

Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG