Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:02

Еврокеңештин парламенттик ассамблеясы Орусияны "террордук режим" деп тааныды


Зеленский Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында. Страсбург, 13-октябрь, 2022-жыл
Зеленский Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында. Страсбург, 13-октябрь, 2022-жыл

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны “террордук режим” деп атаган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Украинанын ассамблеядагы делегациясы билдирди. Документти 99 делегат колдоду. Бардыгы болуп ассамблеяга 306 киши кирет, бирок катышуучулардын көпчүлүгү колдосо, документ кабыл алынат.

Украин президенти Владимир Зеленский ассамблеяда сөз сүйлөгөндө орус аскерлери чегинген аймактардагы жүрөк үшүн алган абал жөнүндө баяндап, Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барбасын, эл аралык мыйзамдарды урматтабаган лидерлер менен дипломатия мүмкүн эместигин кайталады.

Орусия быйыл мартта Украинага басып киргенден көп узабай Европа кеңешинен чыгарылган.

Саясий маселелер камтылган резолюция аткарууга милдеттүү деп саналбайт. Украина дүйнө коомчулугун Орусияны террорчу мамлекет деп атоого үндөп келатат.

АКШ администрациясы Орусияны терроризмдин спонсору деп таануу Москва менен маанилүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажыратып коет деп эсептейт, андыктан сунушту колдоого даяр эместигин айтууда. Франциянын президенти Эммануэл Макрон дагы сунушка каршы пикирин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG