Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Алматы тургуну Путиндин Казакстанга сапарын сындаган видео үчүн кармалды


Путиндин визитине каршы акция. Алматы, 12-октябрь, 2022-жыл.
Путиндин визитине каршы акция. Алматы, 12-октябрь, 2022-жыл.

Алматы шаарынын тургуну орус президентинин Казакстанга сапарын сындаган видео жарыялагандыгы үчүн кармалды. Рафик Жарылкасымовдун жубайы Вера “Азаттыктын” казак кызматына билдиргендей, 13-октябрда жарандык кийимчен белгисиз адамдар аны дүкөндөн алып кетишти. Анын айтымында, ал кишилер эч кандай документ көргөзгөн эмес жана кармоонун себебин түшүндүргөн жок.

Вера Жарылкасымова күйөсүн Путиндин Казакстанга келишине байланыштуу пикирин ачык айткандыгы үчүн кармашты деп эсептейт.

Фейсбукка чыккан видеодо өзүн казак жараны Рафик Жарылкасымов деп атаган адам 15-октябрда “Путиндин келишине каршы” митингдерге чыгууга чакырганын көрүүгө болот. Ал буга чейин бийликтен митингге уруксат берүүнү сураганын, бирок оң жооп албаганын айтты.

Алматы шаарынын полиция департаментинен комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Райондук полиция Рафик Жарылкасымов аттуу жаран кармалганын тастыктап, бирок анын себебин айткан жок.

Путин бейшембиге караган түнү Астанага учуп келген. Ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине жана мындан башка эки саммитке катышмакчы.

Социалдык тармактарда орус лидеринин казак башкалаасына келишине каршы сын күчөгөн. Укук коргоочулар, саясат таануучулар, катардагы жарандар Орусиянын Украинага басып киргенин айыптап келатышат.

Астанада орус элчилигинин алдына чыккан төрт активистти шаршембиде полиция кармап кетти. Ошол эле күнү бир нече киши Алматыда Пушкиндин эстелиги алдында акция өткөрдү. Аларды да тартип коргоочулар кармап, кийин кое беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG