Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Жапаров: Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого чогуу жетишебиз


Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити. Астана. 13-октябрь, 2022-жыл.
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити. Астана. 13-октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 13-октябрда Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сөз сүйлөдү.

Президент Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жыйынды Азия өлкөлөрүнүн жалпы жана бирдиктүү коопсуздугун бекемдөөчү форум деп атап, уюмдун ролу жана мааниси өсүп, бекемделишине ишеничин билдирди.

"Бүгүнкү VI саммиттин жыйынтыгы кеңешменин тарыхында маанилүү орунду ээлеп, Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого чоң салым кошот деген ишеничтемин", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ошондой эле жакында Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө талапкерлигин колдоп бергени үчүн Азия мамлекеттерине ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити өтүп жатат.

Иш-чара Казакстандын Эгемендүүлүк сарайында өтүп жатат. Жыйынга кеңешмеге мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегациялары катышууда. Саммитке Казакстан жетекчилик кылууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аталган саммиттен тышкары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG