Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

АКШ жиберген төрт HIMARS системасы Украинага келип түштү


Украина колдонуп жаткан HIMARS реактивдүү артиллериялык системалары.
Украина колдонуп жаткан HIMARS реактивдүү артиллериялык системалары.

АКШ жиберген дагы төрт даана HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы Украинага келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников кабарлап, Кошмо Штаттардын бийлигине жана элине ыраазычылык билдирди.

Министрдин айтымында, Украина мындан сырткары абадан коргонуу боюнча да жаңы куралдарды алды. Германия жөнөткөн IRIS-T системаcы Киевге жетти, АКШ жөнөткөн NASAMS системалары жолдо келатат.

Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 16 даана жөнөткөн. Жаңыларын кошкондо анын саны 20га жетти.

Мурдараак Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги Украинага кезектеги жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,1 миллиард долларлык аскер техникасы жана жабдуулар берилерин кабарлаган. Анын ичинде дагы 18 HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү система да бар экени айтылган. Мунун көбү 2023-жылдын башында келиши ыктымал.

Украин күчтөрү орус аскерлеринин командалык пункттарына, курал-жарак кампаларына жана башка объектилерине мурда дагы чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерге жасалып же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салып келген. Июндан тартып фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты.

Бул соккулар АКШнын HIMARS (High Mobility Artillery Rocket System) жапырт аткылоочу реактивдүү системасы Украинага келип түшкөндөн кийин башталды. HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат. Сентябрдын башында украиндер HIMARS системалары менен 400дөй бутаны жок кылганы маалымдалган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG