Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

Депутат камактагы активисттин ишине киришүүгө чакырды


Ырыс Жешеналиев.
Ырыс Жешеналиев.

Камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевдин маселесине «парламент киришүүсү керек» деген сунушун бүгүн 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутат алгач Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров тууралуу ал боюнча акыйкат чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, Жекшеналиевди да айтты. Ал 19 гана жашта экенин кошумчалап, аны камакта кармоо уят экенин кошумчалады:

«Бул деген жаш бала да. Жаш эмес, бир топко барып калган адамдар да адашып жатат. Жаш баланы ошол жерде кармап отуруу уят нерсе. Протоколдук тапшырма берет элем. Киришиш керек. Басымга, кысымга алуу деген болбошу керек”.

Депутат Сейит Атамбаев да өз сөзүндө "Парламентте үч-төрт жолу айттык эле. 19 жаштагы баланы бекер кармап турат түрмөдө. Негизи болбойт. Анын да чеги бар", - деди.

10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагында камакта отурган блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга - 14-декабрга чейин узарткан. Сот анын ден соолугуна байланыштуу даттануусун четке каккан.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон.

Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Доктурлар анын ден соолугу жакшы эмес деп айтышканын тарапкерлери билдиришкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG