Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Зеленский “Чоң жетинин” өлкөлөрүн Орусияны толук изоляциялоого чакырды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чоң жети” (G7) уюмунун лидерлерине кайрылып, аларды Орусиянын энергетикалык секторун бөгөттөөгө чакырды. Ал 11-октябрдагы кеңешмеде онлайн сүйлөп жатып, Москва мунайдан жана газдан түшкөн кирешесинен кол жууса, Украинага чабуулун азайтарын белгиледи.

Анын сөзүнө караганда, украин шаарларын жана электр станцияларын аткылоо менен Орусия 10-октябрда согуштун жаңы этабын баштаганын, ошондуктан жаңы санкциялар зарылдыгын айтты. Зеленский “Орусия чабуулун канчалык күчөткөн сайын өнүккөн, демократиялык дүйнө ага реакциясын ошончолук күчөтүшү керектигин” кошумчалады.

“Мындай кадамдар тынчтыкты жакындатат – террордук мамлекетти тынчтык жөнүндө, согуштун пайдасыздыгы жөнүндө ойлонууга түртөт”, – деди украин президенти.

Владимир Зеленский G7 өлкөлөрүн Украинага абадан коргонуучу системаларын берүүсүн өтүнүп, бул Орусиянын чабуулдарынан жайкын тургундарды коргой турганын билдирди. Ал уюмга мүчө мамлекеттери Орусиянын президенти Владимир Путин менен эч кандай диалог болбой турганын аңдашы керектигин, ал террорго гана ишене турганын жана “келечеги жоктугун” кеп кылды.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү 10-октябрда таңга жуук Украинанын Киев баштаган ири ондогон шаарларына ракета менен сокку урган. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Турак-жайлар, энергетика жана башка инфратүзүм объектилери талкаланган. Мындан 19 адам өлүп, 105 адам жабыр тартканы маалым болду.

Жапырт аткылоонун фонунда украин президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольцго кайрылып, “Чоң жети” (G7) уюмуна кирген өлкөлөрдүн чукул жыйынын өткөрүүнү өтүнгөн. Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ кирген “Чоң жети” уюмуна быйыл Берлин төрагалык кылып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул чабуулдар Крымды жардырууга жооп экенин, “соккулар абадан, деңизден жана жерден алыскы аралыкка атылчу жогорку тактыктагы куралдан” атылганын айткан. Ал Украинанын энергетикалык, аскердик жана байланыш объектилери талкаланганын кошумчалаган. Орус президенти Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскерткен.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG